Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

УКМК “Зеленстрой” ишкана жетекчилигине кылмыш ишин ачты


УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын алдындагы “Зеленстрой” ишканасы муниципалдык менчикке таандык жерлерди мыйзамсыз ижарага берип келгенин аныктап чыкты.

УКМКнын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, паркта, дем алуу аймактары, оранжерея жана питомниктер жеке адамдарга ижарага берилген. Ошондой эле ижара акысы бир топ азайтылып көрсөтүлгөн. Ижара акысынын төлөнүүсүнө Бишкек шаар мэриясы эч кандай көзөмөл кылган эмес.

Эсеп палатасынын аудитордук текшерүүсүнөн кийин ижара акысынан түшкөн каражатка 6 млн 394 миң сом жетпеси ачыкталган.

Бул факт боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG