Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Казакстандан аткезчилик жол менен товар ташуу арбыды


Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан ЕАЭБ курамына киргенден кийин чек араларда фискалдык көзөмөл алынганы аткезчиликке жол берүүдө. Анткени ЕАЭБ алкагындагы чек аралардан бажы көзөмөлү алынып, кыйыр салыкты көзөмөлдөө Мамлекеттик салык кызматына жүктөлгөн. Замирбек Осмоновдун айтуусунда, чек арадан товар алып кирген бардык эле ишкерлер салыктарды өз каалоосу менен төлөбөйт, ошондуктан, жоготууларды ички салык төлөөчүлөрдүн эсебинен толтуруу гана мүмкүнчүлүгү бар.

Тобокелдикти азайтуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралардын жаңы түрүн киргизүүнү сунуштоодо. Мындан тышкары салык кызматы башка түзүмдөр менен, анын ичинде товарларды аткезчилик менен ташып кирүү маселеси боюнча каржы полициясы жана тармактык бизнес-ассоциациялар менен өз ара кызматташуусу да аткезчиликти азайтууга өбөлгө боло алышы ыктымал.

Ушундан улам Мамлекеттик салык кызматына кошумча 400 кызматкер муктаждыгы пайда болууда. Эл аралык валюта фондунун өкүлдөрү Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын ишин жакшыртуу үчүн анын штатын кеңейтүүнү жана кошумча ресурстарды тартуу маселесин өздөрүнүн сунуш кылуулчу документтерине киргизүүгө убада беришти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG