Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Бүгүн шайлоочулар тизмесин тактоо жыйынтыкталат


Кыргызстанда бүгүн парламенттик шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмесин тактоо иштери жыйынтыкталат. Биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 миллион 751 миң 414 жаран шайлоого барууга укуктуу экенин биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Бишкекте өтүп жаткан брифингде билдирди.

Өлкө боюнча 2374 добушкана иштейт. Анын 46сы кошумча добуш берүү участкалары. Кошумча шайлоо тилкелеринде 77 миңден ашуун адам добуш берет.

Сарпашевдин айтуусунда, чет мамлекеттерде 4699 кыргызстандык биометрикалык маалыматын тапшырды. Алардын эң көбү Москва шаарында – 1697 киши. Эң аз шайлоочу Иранда, бул өлкөдө добуш берүүгө укуктуу эки эле кыргызстандык каттоого алынды.

Ал эми Кыргызстанда эң чоң добушкана Оштун Ак-Тилек конушунда. Ал жерде 5610 жаран добуш берет. (AKu\SE)

XS
SM
MD
LG