Түштүк Кореянын Тэжон шаарында өткөн балчылардын эл аралык конференциясынын 44-айлампасында Кыргызстанда өндүрүлгөн бал эң мыкты деп табылды. Бул тууралуу “Кыргыз балчылар биримдигинен” кабарлашты. 14-19-сентбярь күндөрү өткөн жыйынга 146 мамлекеттен өндүрүүчүлөр катышты.
Кыргызстан бул конференцияга алгач 2013-жылы катышып, 5 медаль алган. Андан соң экспорт көбөйүп, быйыл 4 коло, 2 күмүш, 1 алтын жана баш байге ыйгарылды.
Балчылардын эл аралык жыйыны Апимондия конгресси тарабынан уюштурулат. Жыйын кезеги менен башка мамлекеттерде өткөрүлөт. (SE)