Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Баткенде карыялардын эс алуу борбору ачылды


Баткен шаарында улгайган кишилерге ачылган күндүзгү эс алуу борбору иштей баштады. Анда китеп, гезит окуй турган бөлмө, телевизор көрүүчү зал жана башка эс алуучу шарттар түзүлгөн. Борбордун аксакалдарга көрсөткөн кызматы акысыз.

Борбор кары адамдарды жалгыз отурбай, теңтуштары менен чогуу болушуна жана жамааттагы коомдук иштерге активдүү катышуусуна көмөктөшүү максатында уюштурулган.

Долбоор “Бабушка Эдопшн” коомдук кайрымдуулук фонду жана “Эльнура” фонду тарабынан уюштурулуп,“Уаилд Гииз” жана “Эльнура” уюмдары тарабынан каржыланат.

Борбордо 4 кишилик мончо, даараткана, улуттук жана европалык усулда жасалгаланган эки бөлмө бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG