Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:47

Кара-Сууда келинди койдуруп кеткен айдоочу изделүүдө


Ош облусунун Кара-Суу районунда 34 жаштагы келинди унаасы менен койдуруп кеткен айдоочу изделип жатат. Облустук милициядан кабарлашкандай, 19-сентябрда кечке жуук Савай айыл аймагында жергиликтүү тургун Майлихан Дадаеваны машина коюп кеткен. Келин ооруканада көз жумган. Маркумдун төрт баласы бар. Кенжеси бир жашка да толо элек.

Расмий кабарларга караганда, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 700дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 600гө жакын киши мерт кетти. (YI)

XS
SM
MD
LG