Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Москвада Орусиянын башкы мечити ачылды


Президент Путин мечиттин ачылышына келген чет элдик коноктор менен. 23-сентябрь, 2015-жыл.
Президент Путин мечиттин ачылышына келген чет элдик коноктор менен. 23-сентябрь, 2015-жыл.

Орусия борборундагы жаңы мечит эски мечиттин ордунда он жылга созулган курулуш иштеринен соң бүгүн расмий ачылды.

Салтанатка катышкандар арасында орус президенти Путин, Түркия президенти Эрдоган, палестин лидери Махмуд Аббас, АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Тефтт да болду.

Расмий Москва борбордук мечиттин ачылышын тарыхый окуя катары мүнөздөөдө.

Курман айтты утурлай ачылган мечит бир эле учурда он миң кишини батыра алат.

Ал Европадагы эң ири мечит болду деп айтылууда. Курулуш иштерине 170 миллион доллар сарталып, мунун басымдуу бөлүгүн орусиялык миллиардер Сулейман Керимов төлөгөн.

Ислам – Орусияда экинчи ири дин. Ар кандай эсептерде ислам динин кармангандар саны 15тен 23 миллионго чейин жетет. (UE)

XS
SM
MD
LG