Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

Еврокеңештин президенти мигранттар боюнча келишимди кабыл алууга үндөдү


Дональд Туск Еврошаркетке мүчө 28 өлкөнүн лидерлерин мигранттар кризисин чечүү ишинде биримдикке үндөдү. Ал мындай чакырыкты Брюсселдеги бүгүнкү чукул саммиттин алдында жасады.

Туск Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн президенттери менен премьер-министрлерине жолдогон катында белгилегендей, "бир тарап экинчини айыптай турган маселелердин узун тизмеси бар, бирок бул орток чечим табууга мүмкүндүк бербейт".

Бүгүнкү саммитти утурлай өткөн жыйында Евробиримдиктин ички иштер министрлери алдыдагы эки жылда 120 000 мигрантты мүчө өлкөлөрдө бөлүп жайгаштыруу планын жактырды.

Чехия, Венгрия, Румыния, Словакия милдеттүү квотага каршы добуш беришти, Финляндия калыс калды.

Европа быйыл мигранттар менен качкындардын Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири агымына кабылууда. Эски континентке быйыл 500 миңден ашуун мигрант кирди. Алардын көпчүлүгү Сирия, Ирак, Ооганстандагы согуштан качкандар. (UE)

XS
SM
MD
LG