Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Саудияда ажылык зыяраттын башкы жөрөлгөлөрү аткарылууда


Арафат тоосундагы зыяратчылар. 2014-жылы 3-октябрда тартылган сүрөт.
Арафат тоосундагы зыяратчылар. 2014-жылы 3-октябрда тартылган сүрөт.

Жүз миңдеген зыяратчылар бүгүн ыйык Меке шаарынын жанында, Мухаммед пайгамбар мындан 1400 жыл мурда өзүнүн акыркы диний насаатын айткан Арафат тоосуна чогулууда.

Эртең зыяратчылар Мина өрөөнүндө ажылык зыяраттын шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүн аткаруу Курман айтты майрамдай башташат.

Саудия бийликтеринин эсебинде, быйыл ажылык парзын аткаруу үчүн дүйнөнүн 164 өлкөсүнөн 1,3 миллион мусулман чогулду. Алардын арасында кыргызстандык 3685 зыяратчы да бар.

Арафат тоосуна жыйналган зыяратчыларга кайрылып жатып, Саудиянын баш муфтийи Абдул Азиз ал-Шейх өз өлкөсүн коңшу Йеменде мыйзамдуулукту орнотуп жатканы үчүн мактады.

Cаудия муфтийи ошондой эле Йемендеги хусит согушкерлерин, Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” тобун зыяндуу жана жамандык тараткан күч катары мүнөздөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG