Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Рим Папасы климаттагы өзгөрүүгө каршы чара көрүүгө чакырды


Рим Папасы жана АКШ президенти Барак Обама. Вашингтон, 23-сентябрь, 2015-жыл.
Рим Папасы жана АКШ президенти Барак Обама. Вашингтон, 23-сентябрь, 2015-жыл.

Рим католик чиркөөсүнүн АКШда иш сапары менен жүргөн башчысы бүгүн Ак үйдө чогулган 11 000ден ашуун адамдын алдында сүйлөп жатып, бул проблеманы мындан ары болочок муунга калтырууга болбосун белгиледи.

Папа Франциск президент Барак Обама айлана-чөйрөгө, абага булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу зарылдыгына көңүл буруп жатканын кубаттады. АКШ президентинин бул багыттагы аракеттерин “үмүттөндүрөрлүк” деп атады.

Барак Обама болсо өз сөзүндө Рим Рапасы адамдарга “планетаны коргоо боюнча ыйык милдет бардыгын” эске салганына токтолду.

Эртең Франциск АКШ Конгрессинде Рим Папасынын биринчи кайрылуусун жасайт. Андан соң Нью-Йоркко барып, БУУнун 70 жылдык мааракесине катышат. (UE)

XS
SM
MD
LG