23-сентябрда кыргыз-тажик чегинде күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу чек арадан 25 чакырым алыс Бор-Дөбө айылында билинген.
Сейсмология институтунан кабарлашкандай, соңку күндөрү Кыргызстанда күчү үч-төрт баллга жеткен зилзалалар көп катталууда. (UEz)