Бүгүн Ислам дининдеги эң чоң майрам эсептелген Курман айт белгиленүүдө. Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар бүгүн айт намазын аткарышты. Бул күнү шарият эрежеси боюнча колунда бар кишилер жандык союп, элге таратат.
Кыргызстанда да бардык мечиттерде, чоң шаарлардагы борбордук аянттарда Курман айт намазына эркектер чогулуп, ибадат кылышты.
Бишкектеги эски аянтка муфтияттын эсебинде 10 миңден ашуун адам келди. Бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев, калаа башчысы Кубанычбек Кулматов баштаган расмийлер да катышты.
Президент адаттагыдай эле айт намазын өзү туулуп өскөн Арашан айылындагы мечитте окуду.
Дүйнө жүзүндө мусулмандардын саны бир жарым миллиарддан ашат. Алардын 10-12% шийиттер, 87-90% суннилер түзөт. (SE)