Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

Обама менен Путин жолугуусу мүмкүн


Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Орусия президенти Владмир Путин менен жолугушууну көздөп жатканын “Нью-Йорк Таймс” басылмасы президенттин акимчиликтеги ишенимдүү булактарга таянып кабарлады.

Обама Украинадагы уруш жаңжалдан улам 2014-жылы Путин менен жолугушуудан баш тарткан. АКШ президенти бул ирет орус жетекчиси менен Минск келишими, Сириядагы көйгөйдү чечүү маселелерин кароону көздөп жатат. Тараптар Нью-Йорктогу жолугушуу үчүн ыңгайлуу убакытты издешүүдө деп жазат аталган басылма.

Бирок расмий Кремль эки лидердин жолугушуусу болот деп айтуу азырынча эрте экенин эскерткенин Reuters агенттиги жазып чыкты. (BCh)

XS
SM
MD
LG