Оппозициячыл журналист Александар Рыклин “Интерфакс” агенттигине 21-сентябрда Москванын борборунда болгон акцияны “Каршылык комитетинин аракеттери” катары баалап, ноябрдын башында да массалык каршылык жүрүштөрүнө чыгууну пландап жатышканын билдирди.
Мындай жүрүштөрдү баштоону Рыклиндин айтуусунда, оппозиция лидерлери, көрүнүктүү маданий ишмерлер жана укук коргоочулар сунуштап жатышат.
21-сентябрда Москванын Марьино районунда “Бийликтин өзгөрүүсү үчүн” аттуу каршылык акциясы өттү. Демонстранттар цензураны токтотуу, камакка алынган саясий ишмерлерди бошотуу, оппозицияны шайлоого катыштыруу, Украинанын чыгышындагы согушту жана коррупцияны токтотуу талаптарын коюшкан (BCh).