Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Араванда беш жашар бала тамекинин айынан өлтүрүлгөн


Араван районунда киши өлүмүнө шектелип кармалган өспүрүм коңшусунун беш жашар баласын эмне себептен өлтүргөнүн айтып берди. Ош облустук милициясы кабарлагандай, ал тамеки чегип отурганын бала көрүп калган. Чоңдорго айтып коюусунан корккон өспүрүм наристени жүгөрү талаасына алып барып, буту-колун, оозун скотчтоп таштап кеткен. Кылмышка шектүү өспүрүм мунун баарын тергөө учурунда өзү айтып берген.

Беш жаштагы Бахадыржан Олимов 22-сентябрда жоголгон. Анын жансыз денеси бүгүн жүгөрү талаадан табылган.

Кылмышка шектелип, быйыл 9-классты аяктаган жергиликтүү өспүрүм кармалган. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG