Аравиянын Мина тоосунда ажылык зыярат учурунда түртүшүүдөн улам тебелендиде калып набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев билдирди.
“Мен түндө Мекедеги штаб жетекчиси Равшан ажы Эратов менен сүйлөштүм. Биздин зыяратчылардын баары аман-эсен. Ошол убакта алар кырсык болгон жерде эмес экен”, деди Молдалиев.
Акыркы маалыматтарга караганда, Мекедеги шайтанга таш атуу жөрөлгөсү учурундагы түртүшүүдөн каза болгондордун саны 720ны чамалады, жаракат алгандар 800 ашуун адам деп айтылууда.
Учурда кырсык болгон жерде төрт миңдей куткаруучу иштөөдө. Расмий кабарларга ылайык, быйыл 164 өлкөдөн 1 миллион 300 миң адам ажылык зыяратын аткарууда. (МТо)