Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Жалал-Абад мэри КСДП жолугушуусун “болуп көрбөгөндөй жыйын” деп атады


Жалал-Абад шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири.
Жалал-Абад шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бири.

24-сентябрда кечинде Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында өткөн КСДП партиясынын эл менен жолугушуусуна келген партия лидерлерин шаар мэри Салайдин Авазов мамлекеттик номуру 0007DA унаасында тосуп алып, коштоп жүрдү.

Жыйынга шаардык мэриянын жана облустук администрациянын аппараты, мамлекеттик мекеме ишканалар менен катар билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышты.

Мэр Салайдин Авазов бул маалыматты төгүндөп, КСДПнын жыйыны буга чейинки жолугушууларга караганда өзгөчө болгону үчүн гана барып катышканын “Азаттыкка” айтты:

- Иш бөлмөмдө эле отургам. Бизде иштегендер келип, укмуш сонун жыйын болуп жатканын билдиришти. Аябай мыкты экран коюшуптур. Чоң майрам болуп жатканын, барып көрүшүм керектигин айтышты. Анан барып, сырттан көз салсам, чынында сонун жыйын болуп жаткан экен. Башкалар мындай кылган эмес. Кубандым. Болуп көрбөгөндөй жыйын өттү.

Салайдин Авазов 2014-жылы КСДП партиясынын атынан шаар мэри болуп шайланган. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG