Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Ирак язидилери Эл аралык кылмыш сотуна кайрылышты


Ирактагы язиди азчылыгы Эл аралык кылмыш сотуна “Ислам мамлекети” радикал тобунун кичинекей элди тукум курут кылуу, сексуалдык кулчулукка айлантканы өңдүү кылмыштарын иликтөөгө үндөдү.

"Язда" укук коргоо уюмунун өкүлү Мурад Исмаилдин айтуусунда, 24-сентябрда язидилердин эки ири тобу Ирактагы Күрт автономиясынын бийлиги менен биргелешип экстремисттердин мыкаачылыктарын көрсөткөн арызды Гаагадагы сотко жолдошту.

Арызда 700 ашуун язиди эркектери жок кылынганы, оорукчан жана улгайган адамдардын өлтүрүлгөнү, миңдеген кыз-келиндердин зордукталып, сексуалдык кулчулукка кабылганы, жашы жетелек балдарды уурдап, аларды ислам динине күчтөп киргизүү, радикалдар катарында согушка айдап кирүү учурлары келтирилген.

Буга чейин Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Фату Бенсуда радикал уюм кыргын салуу, зордуктоо, кыйноо өңдүү ырайымсыз кылмыштарды жасап келатканын билдирип, Ирак менен Сирия сот мүчөсү болбогондуктан, аларды тергөө мүмкүн эместигин белгилеген. Ал эми язидилер баяндамасында топтун катарында Эл аралык сот түзүү тууралуу келишимге кол койгон 20 чакты өлкөнүн согушкерлери бар экени баса көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG