Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Армения Азербайжан армиясын 3 кишинин өлүмү үчүн айыптады

Армениянын полициясы Азербайжан куралдуу күчтөрүнүн артиллериялык аткылоосунан карапайым 3 киши окко учканын билдирди. Чек ара аймагындагы Тавуш чөлкөмүндөгү айылдарга тийген октордон ошондой эле 2 жайкын тургун жараланды.

Баку тараптан окуя боюнча азырынча эч кандай билдирүү жасала элек. Бирок коргоо министрлиги буга чейин ошол жактагы азери айыл-кыштактары аткылоого туш болгонун, аскер жооп кайтарганын маалымдаган.

20 жылдан ашуу убакыттан бери Тоолуу Карабак талашын жөнгө сала албай келаткан эки өлкө маал-маалы менен бири-бирин ок атышпоону бузгандыгы үчүн айыпташат. 

XS
SM
MD
LG