Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Кочкордогу бычакташуу боюнча кылмыш иши козголгон жок


Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Медина Султаналиева "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, 23-сентябрда "Кыргызстан" партиясынын үгүтчүсү Бектур Назаров менен "Республика Ата-Журт" саясий партиясынан талапкер Азизбек Эсеновдун ортосундагы чыр боюнча эч бир тараптан арыз түшкөн эмес. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон жок.

"Кыргызстан" партиясынын бычак жеген үгүтчүсү Бектур Назаров ушу тапта Чүй облустук ооруканасында. Бул тууралуу "Азаттыкка" билдирген дарыгер Алик Матмуратовдун айтымында, Бектур Назаровго операция жасалган, учурда акыбалы жакшы.

"Кыргызстан" партиясы Нарын облусунун Кочкор районунда үгүтчүсү Бектур Назаровду "Республика Ата-Журт" партиясынын талапкери Азизбек Эсенов бычак сайып, жарадар кылгандыгын кабарлаган. Ага ылайык,"Республика Ата-Журттун" талапкери "Кыргызстандын" үгүт баннерин алып салууга аракет жасаганда каршылык көрсөткөн Бектур Назаров менен мушташа кетип, бычак шилтеген.

"Республика Ата-Журт" партиясынын штабы бул окуя боюнча атайын билдирүү даярдалып жатканын билдирди.

Шайлоо өнөктүгү учурунда саясий партиялардын тарапкерлери бири-бирине кол көтөргөн учурлар мурдараак да катталган.(JM/ZKo)

XS
SM
MD
LG