Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Көгүлтүр оттун карызы 1 млрд. сомдон ашты


Кыргызстандык керектөөчүлөрдүн “Газпром Кыргызстан” ишканасына карызы 1 млрд. 15 млн. сомдон ашты. Бул жаза айып жана туумдарды эске албаганда деп маалымдайт “Газпром Кыргызстан” ишканасы.

Маалыматка ылайык, өз учурунда акы төлөбөгөнү үчүн жаза айып жана туумдун жалпы суммасы 365,18 млн. сомду түзөт.

Карызы көптөрдүн арасында ири ишканалар бар, алардын ичинде “Интергласс” ишканасынын 640 млн. сом карызы бар. “Майлуу-Суу” лампа заводунун карызы 54,2 млн. сом, “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын карызы 221,3 млн. сом, ал эми “Кыргызжилкоммунсоюз” мекемесинин убагында акы төлөбөгөнү үчүн жазылган туумдун суммасы -18 млн. сомдон ашуун.(ZKo)

XS
SM
MD
LG