Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк өкмөт орусиялык авикомпаниялардын, биринчи кезекте "Аэрофлот" жана "Трансаэронун" өлкөгө учууларына 1-октябрдан тарта тыюу салганын билдирди. Бүгүн кабинеттин жыйынында премьер Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин чечимине ылайык, аскердик жабдуулар же аскерлерди ташыган транзиттик каттамдарга да тыюу салынганын айтты. Ай башында Киев Орусиянын 25 авикомпаниясын өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан мекемелердин “кара тизмесине” киргизген.
Яценюк Орусиянын компьютердик программаларын, вируска каршы Касперски программасын мамлекеттик кеңселерде мындан ары колдонууга болбойт деди.