Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Коомдук телеканалда партиялардын теледебаты башталды


25-сентябрда парламентке талапкерлер партиялардын алгачкы теледебатына КСДП, “Бир Бол”, “Мекен ынтымагы” саясий партияларынын лидерлери чыгышты. Партия өкүлдөрү телеберүүдөгү суроолордон сырткары, түз эфир убагында социалдык тармактардан алынган пикирлерге жооп беришти. Атаандаштар бири-бирине дагы суроо жолдой алышты.

Жалпы жолунан теле таймашта КСДП лидери Чыныбай Турсунбековго менчик мүлкү боюнча суроолор берилип, бийликтин кемчиликтерин кескин сынга алган пикирлер айтылды. “Бир Болдун” жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевге айрым партиялаштарына козголгон кылмыш иштери боюнча собол узатылды. “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун дарегине шайлоо өнөктүгүндө гана пайда болгон саясатчы деген сын айтылып, партияны Орусия каржылайбы деген суроо берилди.

Партия лидерлери катышкан бул теледебатты социалдык тармактарда жандуу талкуу, кескин айтылган кайчы пикирлер болгон жок деген сындашууда.

Парламенттик шайлоого ат салыша турган саясий партияларга ЭлТР жана КТРК телеканалдарынан эфирдик убакыт берүү үчүн БШКда жыйын болуп чүчүкулак кармашкан. Шайлоого катыша турган 14 партиянын теледебаты КТРК каналында 25-29-сентябрь күндөрү, ЭлТРде 26-28-сентябрь күндөрү өтөт. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG