Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Ымыркайын таштап кеткен келин жоопко тартылат


22-сентябрда Кеминдин Чым-Коргон айылындагы 68 жаштагы П.С. аттуу жаран үйүнө белгисиз бирөөлөр жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кеткенин айтып, райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында баланын энеси, 28 жаштагы Б.А. экени аныкталган. Келин ушул жылдын август айынын ортосунда көз жарганын, жетишпеген турмуш айынан ушул кадамга барганын айтып берген.

ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, учурда бала 68 жаштагы жарандын үйүндө багылып жатат. Ал эми анын энеси мыйзам боюнча жоопко тартылары белгилүү болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG