Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Кытай жана АКШ лидерлери кибер-коопсуздук маселесин талкуулашты


АКШ президенти Барак Обама жана Кытайдын лидери Си Цзинпин эки өлкө тең кибер-чабуулдар аркылуу мамлекеттик, өндүрүштүк жашыруун сырларды, интеллектуалдык менчиктерди уурдоого катышпоо жана аны колдоого албоо жөнүндө макулдашты.

25-сентябрдагы эки тараптуу жолугушуудан кийинки маалымат жыйында президент Обама аталган макулдашуунун үстүндө сүйлөшүү уланып жатканын маалымдады.

Буга чейин мамлекеттик агенттиктердин жана батыш компанияларынын сайттарына болгон чабуулдар үчүн Кытайдан шек санап келишкен. Си Цзинпин Вашингтондо сүйлөп жатып, кытай бийлиги хакердик чабуулдарга каршы колдон келишинче күрөшүп жатканын белгиледи.

Эки лидер Азиядагы талаштуу аймактар тууралуу да сүйлөштү. Си Цзинпин бул маселе боюнча Кытайдын позициясы өзгөрбөсүн негиздеп, ошол эле маалда Түштүк-Кытай деңизиндеги аба жана суу транспортунун эркин кыймылына Бээжин каршы эместигин билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG