Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:54

Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курууга 565 гектар жер бөлүндү


Мындай токтом бүгүн 26-сентябрда өкмөттүн Ошто өтүп жаткан көчмө жыйынында кабыл алынды. Өкмөт башчы Темир Сариевдин билдиришинче, ГЭС каскаддарын курууга буга чейин 3-этап менен 1338 гектар жер бөлүнүп берилген. Эми бүгүн 4-этап менен 565 гектар жер бөлүндү.

- ГЭСтер каскадын куруу боюнча жер тилкелер бөлүндү. Эми орусиялык "Русгидро" компаниясы 12 миллиард рубль которуп, иш активдүү уланышы керек, - деди Темир Сариев.

2015-жылдын сентябрь айында жер тилкелеринин ээлери менен Нарын районунун Орток, Дөбөлүү жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн тиешелүү башчыларынын, Энергетика министрлигинин, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимде жеке менчикте турган жерлерди которууга жер ээлеринин макулдуктары бар. (TSh/YI)

XS
SM
MD
LG