Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Орусия Капеллого карызын ай аягына чейин төлөп берет


Орусиянын футбол боюнча улуттук курамасынын мурдагы машыктыруучусу Фабио Капеллонун калган маянасы 28-сентябрда төлөнүп берилет. Бул тууралуу Орусиянын спорт министри Виталий Мутко “Россия-2” телеканалына билдирди.

Орусиянын футбол биримдиги 69 жаштагы италиялык машыктыруучу Фабио Капелло менен ушул жылдын июль айында келишимди үзгөн. Натыйжада Капеллого 930 млн. рубль кенемте төлөнүп берилүүсү тийиш экенин маалымат каражаттары жазып чыккан.

ТАССтын маалыматында, август айында бизнесмен Алишер Усмановдун көмөгү менен Капеллого алгачкы 300 миллион рубль төлөнүп берилген. Фабио Капелло 2012-2015-жылдар аралыгында Орусиянын футбол боюнча улуттук курамасын машыктырган. (SDz)

XS
SM
MD
LG