Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Парламенттик шайлоого 600дөй эл аралык байкоочу көз салат


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү уланууда. Учурда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламент аралык ассамблеясынан, Индонезия, Малазия сыяктуу өлкөлөрдөн байкоочулар катталууда. Эрежеге ылайык, эл аралык байкоочулар сөзсүз каттоодон өтөт, ал эми жергиликтүү байкоочулар каттоого турууга милдеттүү эмес.

Буга чейин шайлоого Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) 350 байкоочусу көз салары кабарланган. Кыргызстанда 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Ага 14 партия ат салышууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG