Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:17

Төрөбаев партиясына байланыштуу видео боюнча жооп кайтарды


25-сентябрда интернетке жүктөлгөн “Өнүгүү партиясынын казак политтехнологдору саунада сайраңдап” деген аталыштагы видеодо күч кызматкерлери Бишкек шаарындагы батирлердин биринде кыздар менен эс алып жаткан үч адамды суракка алып, аларды милиция бөлүмүнө алып келгени көрсөтүлөт.

Кечээ “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Коомдук биринчи телеканалда дебатта ал видеодогу адамдарды тааный турганын, алар ишке байланыштуу тааныштары экенин айтты.

- Ал видеону көрдүм. Алар Казакстандан келген маркетологдор. Бажы биримдигине киргенден кийин биздин продукцияны башкаларга сатуу боюнча ойду ишке ашыралы деп, башка компаниялар менен кол коюшкан элек. Алар өзүнчө иштеп жүргөн. Видеодогу казакстандык Нурлан журналист. Эми видеого түшүп калган экен, эмне кылалы? Милиция катуу иштеп аткан турбайбы. Бул маселе бүттү.

Шайлоо фондунан эң көп каражатты "Өнүгүү-Прогресс" партиясы сарптаганы белгилүү. Буга чейинки маалыматта “Өнүгүү-Прогресс" шайлоо фондунан 100 миллион сомдон ашык каражат жумшаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG