Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

"Азадлыг" радиосу менен кызматташкан журналисттин үйүн тинтишти


Азербайжанча azadlyq интернет барагынын башкы бети.
Азербайжанча azadlyq интернет барагынын башкы бети.

Бакуда Эркин Европа/Азаттык үналгысынын азербайжан кызматы менен иштешкен Ислам Шихализаденин батиринде тинтүү болду. Башкы прокуратуранын оор кылмыштар боюнча тергөө башкармалыгы жана Ички иштер министрлигинин уюшулган кылмыштуулук бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн тинтүү учурунда журналист өзү үйдө жок болчу. Тартип коргоочулар компьютер, камера, микрофон, чөнтөк телефонду, бир катар документтерди алып кетишти. Соттун токтомунда тинтүү салыктарды төлөбөө айыбына байланыштуу жүргүзүлгөнү жазылган.

Ошол маалда батирде жүргөн журналисттин досу Орхан Рустамзадени прокуратурада суракка алды. Шихализадени болсо 28-сентябрда Башкы прокуратуранын оор кылмыштар боюнча башкармалыкка чакырышты.

Былтыр декабрда Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Бакудагы бюросун тинтип, кызматкерлер сурак беришкен.

XS
SM
MD
LG