Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Бишкекте ЕАЭБдин салык жана бажы маселелери талкууланат


Бүгүн Бишкекте өтчү жыйында Евразия экономикалык биримдигиндеги салык жана бажы маселелери талкууланат. Уюштуруучулардын айтуусунда, жыйында Кыргызстандын биримдикке киргенден кийинки мыйзамдарынын өзгөрүшү, бажы мыйзамдары, бул багыттагы Казакстандын тажрыйбасы, салыкты жөнгө салуу сыяктуу маселелер талкууланат. Ага жеке ишкерлер, эл аралык эксперттер катышып, күндөлүк практикада кездешчү негизги көйгөйлөр ортого салынмакчы. Иш чараны “Делойт” компаниясы Америка соода палатасы менен биргеликте уюштурууда.

Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жаңы жылга чейин иштелип бүтүп, кабыл алынарын сентябрдын башында Беларустун Гродно шаарында өткөн саммитте Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев билдирген.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине быйыл 12-августта кирген. Өкмөт бажы тармагынан түшчү киреше 1,5 млрд сомго чейин көбөйөрүн билдирген. Кыргызстанга жалпы ЕАЭБдеги бажы төлөмдөрүнүн 1,9% бөлүнүп берилет. Бирок акыркы мезгилде уюмга мүчө мамлекеттерде импорт кээ бир учурларда 30% ашуун кыскарып, бажы төлөмдөрүнүн азайуусуна алып келүүдө. (KЕ)

XS
SM
MD
LG