Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

БУУнун Башкы ассамблея жыйынында саясий дебаттар башталды


Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын кезектеги саммити өтүүдө. Анда негизги маселелер катары жакырчылыкты жоюу, социалдык теңсиздик жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелер талкууланууда. Башкы ассамблеянын 70-сессиясы катышуучулардын саны менен да өзгөчөлөнүүдө. Юбилейлик саммитке 154 өлкөнүн башчылары жана өкмөт жетекчилери, министрлер катышууда. Бүгүн баштала турган саясий дебатка 144 өлкөнүн президенттери жана 46 министр катышмакчы.

28-сентябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышып, жалпы саясий талкууда сөз сүйлөмөк. Бирок президент алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу жумушчу сапарын токтоткону кабарланган. Саммитке Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган делегация катышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG