Венгрия полициясынын маалыматына караганда, өткөн түнү эле өлкөгө кошуна мамлекеттер аркылуу 10 миңге чукул мигрант кирген. Маалыматта мыйзамсыз келген 9 миңдей мигрант Хорватиядан, ал эми 200гө жакын качкындар Сербиядан келгени айтылат.
Премьер-министр Виктор Орбан расмий Будапешт Хорватия менен чек араны жабууга даярданып жатканын жума күнү жарыялаган. Венгрия өлкөгө кирип жаткан качкындар агымын тосуу үчүн жаңы эрежелерди киргизип, 15-сентябрдан тарта Сербия менен чек арасын жапкан. Мындан улам Европа Биримдигинин аймагына кирүүнү көздөгөн качкындар багытын өзгөртүп, Хорватияны көздөй агылган. (КЕ)