Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Өзбекстанда жолдорду оңдоого 2 миллиард доллар бөлүндү


Өзбекстандагы жолдорду 2015-2019-жылдары оңдоп түзөө үчүн 2 миллиард 41 миллион доллар каражат бөлүндү. Өлкөнүн Каржы министрлигинин алдындагы Жол департаментинин маалымдоосу боюнча, бул акчага 2 миң 700 чакырым жол оңдолмокчу. Аны жүзөгө ашырыш үчүн 993 жаңы техника жана шаймандардын 38 комплекси сатылып алынды.

Жол оңдоо иштерин аткарыш үчүн 240 кызмат көрсөтүүчү пункттар, 85 май куючу станция, 78 тез жардам борбору, унаа токтотуучу 31 жай жана 9 туризм комплекси курулмакчы. (BCh)

XS
SM
MD
LG