Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Малды идентификациялоого даярдык жүрүүдө


БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан маалымдашкандай, ветеринария жана фитосанитария боюнча мамлекеттик инспекциянын адистери бул үчүн атайын программаны окуп үйрөнүшөт.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандагы эпизоотикалык абалдын начардыгынан улам, эттин экспортко кое берилбей жатканына байланыштуу жергиликтүү малчылар 30% кирешесинен ажыроодо. Мал-жандыкты идентификациялоо келечекте малчылардын кирешесин гана арбытпай, кыргыз өкмөтүнө түрдүү ылаңдын эпидемиясын алдын алууга жана ыкчам дарылоого, малга көзөмөлдү күчөтүүгө, өнөр жайды кеңейтүүгө жана мал уурулукту азайтууга мүмкүнчүлүк түзө алат.

Кыргызстандагы эпизоотикалык кырдаалга байланыштуу ал ЕАЭБге мүчө болуп кирсе дагы, андагы башка мамлекеттер Кыргызстандан эт-сүт азыктарын сатып алуудан баш тартышкан. Казакстандын чектеш аймактарына гана болгону жети ишкана сүт азыктарын сатууга укук алышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG