Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

БШК Бишкек мэрине эскертүү берди

Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовго саясий партиялардын үгүт өнөктүгүнө аралашканы үчүн эскертүү берди. БШКдан “Азаттыкка” билдиришкендей, Кулматов "Республика Ата-Журт" партиясынын тизмесинде шайлоого аттанган Мирлан Жээнчороев менен сөз талашып, партиянын программасын сындаган. Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер үгүт өнөктүгүнө кийлигишүүгө акысы жок.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. Шайлоо алдындагы бир айлык үгүт өнөктүгү 3-октябрда токтойт. (SE/AKu)

XS
SM
MD
LG