Бул тууралуу 28-сентябрда кыргыз өкмөтүнүн Ош шаарындагы көчмө жыйынында айтылды. Өкмөттүк аппараттан “Азаттыкка” маалымдашкандай, бул каражат чек арада жайгашкан аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, коопсуздугун күчтөндүрүү максатында бөлүнүүдө.
Кыргызстанда чек арада жайгашкан 59 айыл жана 10 участок бар.
Чектеш аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын биринчи этабында 20 иш-чара каралган, анын 18и Баткен облусунда болот.
Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларындагы көйгөйлүү маселелер азая элек. Кыргыз-тажик чек арасында акыркы эки жылдан бери түрдүү чыр-чатактар күчөп, айрым учурларда адам өлүмүнө чейин жеткен. (ZKo)