Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Талиптер Кундуз шаарынын айрым бөлүктөрүн басып алды


28-сентябрь күнү таңда башталган салгылашуулардан кийин оогандык талиптер Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарынын айрым бөлүктөрүн ээлеп алганы кабарланууда. Ал эми Reuters агенттиги талиптер ээлеп алган жерлерге өз желегин илгенин маалымдады.

Мындан бир нече саат мурда Кундуз шаарында жана анын чет жактарында талиптер менен ооган аскерлеринин салгылаш болуп жатканы кабарланган. Салгылашуулардан кеминде 20 аскер мерт кеткени, жергиликтүү элдин арасындагы курмандыктар такталып жатканы айтылган. Талиптер Кундуз шаарына ушуну менен үч ирет кол салышты. Мындан мурда апрель айында жана былтыр декабрь айында да калаа талиптердин чабуулуна калган. (BCh)

XS
SM
MD
LG