Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Камчыбек Ташиев БШКнын чечимин сотко берди


Парламенттик шайлоого катышуучулардын тизмесинен алып салганы үчүн Камчыбек Ташиев Боршайкомду сотко берди. Бул тууралуу “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирип, тизмеден четтетилсе да партиянын үгүт иштерине активдүү катышууну улантарын кошумчалады:

- Эртең Таласка барабыз. Шаршембиде Жалал-Абадга чыгабыз. Бардык жерде кадимкидей үгүт иштерине катышам.

Камчыбек Ташиев өзүнүн айланасында болгон окуяны “Республика Ата-Журт” партиясын атайлап шайлоо алдында каралоо аракети деп баалады.

Бүгүн БШК “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын талапкерине кол көтөрдү деген жүйө менен шайлоого катышуу укугунан ажыраткан чечим чыгарган.(ZB/ZKo)

XS
SM
MD
LG