Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынын башкы адиси Айдар Сукенбаев билдирди.
Алып-сатуудагы төмөндөө Ош шаарында өзгөчө байкалып, 48% чейин түшкөн. Андан кийин Жалал-Абад жана Талас облустары турат (40-45%). Жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн бир чарчы метри арзандабай жатканын белгилеген Сукенбаев, алдыңкы айларда батир баасы деле көп түшпөй турганын айтты.
-Арзандоолор болсо доллардын өсүшүнө жана инфляцияга байланыштуу болот. Соңку кризистер, доллардын өсүшү, рублдин куну түшүп мигранттар акча салбай калышы баага эмес, алып-сатууга таасирин тийгизүүдө. Бирок азыр үйлөр салынганы менен, муктаж болгондордун санына жооп бере албай жатат. Ошонун эсебинен кыймылсыз мүлктүн баасы сакталып турат. Баалар ашып барса 20% түшүшү ыктымал.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарында бир жылда 800, Ош шаарында 200дүн тегерегинде батир сатылат. Бул сан быйыл 1,5 эсеге азайган. (КЕ)