Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

“Кыргыз улуттук биримдик" кеңеши түзүлдү


Бул тууралуу “Кыргызстанды куткаруу” кыймылынын жетекчиси Мукар Чолпонбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн отузга жакын бейөкмөт уюм чогулуп, аталган кеңешти түзүштү. Ошондой эле Кыргызстандын улуттук идеологиясын иштеп чыгууга тапшырма берилди.

“Кыргыз улуттук биримдик кеңеши” биринчи жыйынында 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо тууралуу маселе көтөрүп, шайлоо эл аралык мыйзамдарга туура келбейт деген тыянак чыгарышты.

Кеңештин мүчөлөрү шайлоого катышуучу партиялар төлөөгө милдеттендирген күрөө, шайлоо фонду жана башка талаптар шайлоого акчалуулар гана катыша аларын шарттады деп эсептешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG