Тажик бийликтери өлкөдө ишмердигине тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын адвокатын камакка алышты. Ички иштер министрлиги билдиргендей, Бузургмехр Ёров көз боёмочулук кылган жана жасалма документтерди колдонгон деп айыпталууда.
Ал «Ислам кайра жаралуу» партиясынын тажик бийликтери коргоо министринин кызматтагы орун басарын козголоң чыгарды деп айыптаганга чейин ушул айда камалган мүчөлөрүнүн адвокаты болчу.
Коргоо министринин орун басары Абдулхалим Назарзода 16-сентябрдагы операция учурунда өлтүрүлгөн. Расмий Душанбе аны ай башында милиция бекеттерине жасалган кол салуу үчүн айыптаган.
Тажикстандын юстиция министрлиги «Ислам кайра жаралуу партиясына» ишмердигин токтотууга өткөн айда буйрук берип, бул үчүн он күндүк мөөнөт чектеген. Бул мөөнөт 7-сентябрда аяктады.
Партиянын өлкөдөн четке чыгып кеткен лидери Мухиддин Кабири партиясына коюлган айыптарды четке кагып, анын саясий себеби бар болгонун айтып келет. (UE)