Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Жогорку Сот Чубак ажы Жалиловду ажылык иши боюнча күнөөсүз деп тапты


Чубак ажы Жалилов
Чубак ажы Жалилов

Ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп айыпталып жаткан мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловду Жогорку Сот бүгүн күнөөсүз деп тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Акин Токталиев билдирди.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мурунку жетекчиси Чубак ажы Жалилов 2012-жылы ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кылмыш ишин козгогон эле. Бирок диний чөйрөдөгүлөр муну мыйзамсыз деп атаган.

Кийинчерээк райондук сот Чубак ажыны актаган. Прокуратура буга нааразы болуп Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот да райондук соттун чечимин күчүндө калтыргандан соң Жогорку Сотко арыз жазылган эле.

Былтыр Жогорку Кеңештин бир нече депутаты да Чубак ажы Жалилов башында турган мурдагы муфтияттын Социалдык фондго болгон 12 миллион сом карызын жокко чыгаруу демилгесин көтөрүшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG