Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Тергөө абагындагылар 3-октябрда добуш берет


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов маалымдагандай, тергөө абактагы адамдардын паспорттору тергөөчүнүн колунда болгонуна байланыштуу абактагыларга паспорттун көчүрмөсү менен добуш берүүгө уруксат берилди. БШК отурумунда абакта биометрикалык маалыматын тапшырган адамдар гана шайлоого катышууга укуктуу экени айтылды.

Абдраимов Кыргызстан боюнча жалпысынан 100дөн ашык тергөө абагындагы адамдар добуш берерин маалымдады. Алардын добуш берүү процессине эл аралык байкоочулар да көз салышат.

Кыргызстандын тергөө абактарында 500дөн ашык адам бар. Алар үчүн шайлоо 3-октябрда өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG