Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Түркия: ПКК менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышынан алтымыштай адам мерт болду


Маалыматтарга караганда, алар акыркы күндөрү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы жана Ирактын түндүгү менен Түркиянын чектеш аймактарындагы кагылыштар учурунда мерт болгон.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, аскерлер өткөн түнү Ирактын түндүгүндө жүргүзгөн операция учурунда отуздан ашуун күрт согушкери жок кылынды.

Мунун алдында Күрт жумушчу партиясынын согушкерлери Адана шаарында полициянын эки офицеринин өмүрүн кыйган.

Ошол эле күнү Ирак менен чек арага жакын жерде коопсуздук күчтөрү менен кагылышта ПККнын алты согушкери өлтүрүлгөн.

Түрк аскерлеринин ырастоосунда, буга чейин 25-сентябрь күнү аскер учактары Ирактын түндүгүнө урган аба соккулардан кеминде 19 согушкер мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG