Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Жураеванын «Меккеге жол» аттуу тасма эл аралык сынакта мыкты аталды


Кыргызстандык режиссер Асел Жураеванын «Меккеге жол» аттуу тасмасы Орусияда өткөн Савва Морозов атындагы эл аралык кинофестивалда мыкты кыска метраждуу даректүү тасма номинациясын утту. Бул тууралуу Жураева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

20-27-сентябрь күндөрү өткөн кинофестивалда 10го жакын өлкөдөн 30дай тасма көрсөтүлдү.

80 жаштагы карыя тууралуу тартылган «Меккеге жол» тасмасы буга чейин да бир топ сынактарга катышып, эл аралык сыйлыктарды алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG