Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Шайлоо-2015: Жалал-Абадда үгүткө байланыштуу сегиз мыйзам бузуу катталды


Жалал-Абад облусунда партиялардын үгүт иштерине байланыштуу 4-сентябрдан бери 8 мыйзам бузуу факты катталды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сыдыков билдирди.

Милициянын каттоосуна алынган окуялардын көбү партиялардын илинген үгүт баннерлерин айрып салуу жана талапкерлердин бири-бирине кол көтөрүүгө байланыштуу болду.

Учурда, Сыдыковдун айтуусунда, ар бир факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 14 партия катышууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG