Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

Кыргызстан менен Кытайдын борбордук банктары кызматташтыгын бекемдөөдө


Кыргызстандын Улуттук банкы менен Кытай Эл банкынын ортосунда Ниет протоколуна кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн кыргыз банкынын маалымат катчысы Софья Балакина билдирди.

Кытай тараптын белгилешинче, соңку кезде эки өлкө ортосунда соода жана туризм тармагында өнүгүү тенденциясы байкалып жатканы менен банктардын мамилеси солгун болууда.

Мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттары катары алмашуу операцияларын улуттук валютада жүргүзүү, соода жана туризмди жеңилдеткенге жардам болуучу төлөм системаларын өнүктүрүү менен катар эсептешүүлөрдү улуттук валютада жүргүзүү аныкталды. “Бул акча алмаштыруу курсунун туруксуздугунан көз каранды эмес болууга жардам берет” дешет банк өкүлдөрү.

Чжоу Сяочуан башында турган Кытай Эл банкынын делегациясы Кыргызстанга 28-сентябрда келген. Иш сапар учурунда өлкө жетекчилиги менен да жолугушуулар болду. (RK)

XS
SM
MD
LG