Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылынын аксакалдары айылдашы Абдыманап Абдыбахапов менен чатакташа кетти деп айтылып жаткан Камчыбек Ташиевди элдешүүгө чакырууда. Бүгүн алар атайын маалымат жыйын өткөрүп, элдин бөлүнүп-жарылуусуна жол бербөө керектигин, жашоочулар эки партияга тең добуш берерин айтышты.
Камчыбек Ташиев "Республика Ата-Журт" партиясы аркылуу шайлоого бараткан. Бирок 28-сентябрда ал Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен ага катышуу укугунан ажыратылды. Буга "Өнүгүү Прогресс" партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповдун сабалганы сепеп болгон.
Эки талапкер араздашкан окуя 26-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жалал-Абад облусундагы Сузак райондук штабында катталган.
Факт боюнча кылмыш иш козголгон, бирок Ташиевге айып коюла элек.
БШКнын чечими милициянын маалыматынын негизинде кабыл алынган.
"Республика Ата-Журт" БШКнын чечимин мыйзамсыз деп атап жатат. (RsK)