Ушул айдын башында Багдадда белгисиз куралчан топ уурдап кеткен 16 түрк жумушчусу бошотулду. Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу алар 30-сентябрда өлкөнүн Ирактагы элчисине тапшырылганын жана баарынын саламаттыгы жакшы абалда экенин билдирди. Бирок алар кандай шартта бошотулганы айтылган жок.
Багдаддын түндүгүндө 2-сентябрда белгисиз куралчан адамдар 18 түрк жаранын уурдап кетишкен эле. Алар Багдаддын шииттер байырлаган Садр-Сити районунда спорт комплексин куруп жаткан түрк компаниясында иштечү. Куруучулар уктап жатканда таң эртең машине менен келген беткапчан согушкерлер салып кетишкен. Алардын экөө уурдалгандан эки жумадан кийин Басра шаарынан бошотулган.